• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өткөн жылы 220 млрд сомдук өнүм өндүрүлдү, анын 104 млрд сому мал чарба тармагына таандык

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.02.20./Кабар/. Ушу тапта Кыргызстандын аймагында 600 мамлекеттик жана жеке менчик айыл чарба ишканалары бар, 3 миңден ашуун фермерлер бар. Ошондон улам, айыл чараба өнүмдөрүнүн 97 пайызы жеке чарабаларга таандык. Бул тууралуу айыл чарба министри Эркинбек Чодуев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди, - деп маалымдайт ЖК басма сөз кызматы

«Акыркы үч жылда кант кызылчасын, жүгөрүнү, картошканы өндүрүү көлөмү өсүп жатканы, айдоо жерлерди пайдалануу мурдагыга караганда жакшырып баратканы байкалды. Айрыкча Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында кыйла өсүш бар. Ошентип, өткөн жылы 220 млрд сомдук айыл чарба өнүмдөрү өндүрүлдү, анын ичинде 104 млрд сому мал чарба тармагына таандык», - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий