• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өткөн жылы акыйкатчыга 11,2 миң кайрылуу болгон

Коом 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. 2018-жылы акыйкатчыга 11, 2 миң кайрылуу болгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, акыйкатчынын атына 3 миң 237 кат түрүндөгү кайрылуу болуп, алардын 2 миң 92си борбордук аппаратка, 1 миң 145 кайрылуусу аймактык өкүлчүлүктөрүнө келип түшкөн. Алардын ичинен 142си жамааттык кайрылуу болуп, ага 2 миң 50 киши кол койгон.

"6 миң 115 киши оозеки кеңеш алышкан. 2018-жылы акыйкатчыга кайрылгандардын жалпы саны 11 миң 260 адамды түздү. Алардын 47,4%ы аялдар. Бир дагы кайрылуу көңүл буруусуз калган жок. Алардын ар бири боюнча квалификациялык кеңештер берилди", - деди ал.

Мамытовдун айтымында, кайрылгандардын басымдуу бөлүгү Бишкектен болгон – 31%, Чүй облусу – 17,8%, Ысык-Көл облусу – 12,8%, Ош облусу – 11,1%, Жалал-Абад облусу – 6,6%, Нарын облусу – 5,9%, Баткен облусу – 3,5% жана Талас – 2,7%.

Пикир

Оставить комментарий