• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өткөн жылы бир катар ишканалар ачылып, 77 миң иш орду түзүлгөн – Өкмөт

Экономика 0

Бишкек. 14.05.19 /Кабар/. Өлкөдө өткөн жылы бир катар ири, орто жана чакан ишканалар ачылып, 77 миңден ашуун иш ордун түзүүнү шарттаган. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөт башчы монолиттик биметаллдык радиоторлорду чыгаруучу заводдун ачылыш аземине катышып, өндүрүштүк базасы жана чыгарылган продукциялардын үлгүлөрү менен таанышты.

"Өндүрүштү өнүктүрүү менен биз Кумтөр кенинин өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн көз карандылыкты азайтуу үчүн шарттарды түзүп жатабыз. Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө суроо-талап бар, экспортко багытталган өндүрүшкө басым жасоо керек, – деди Абылгазиев.

Премьер-министр экономиканы өнүктүрүүдө инвестициялар жана жаңы өндүрүштү ачуу маанилүү роль ойноорун билдирип, ал үчүн туруктуулук керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий