• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өткөн жылы Биринчи май районунда 620 муктаж адамга 3,6 млн сомго материалдык жардам көрсөтүлгөн

Коом 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Биринчи май райондук администрациясында бир жолку материалдык жардам көрсөтүү маселелери боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Комиссиянын кароосуна райондун жарандарынан тогуз арыз түшкөн, анын ичинен төртөө майыптыгы бар жарандар, үчөө пенсионер, экөө аз камсыздалган тургундар. Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү медициналык жардам көрсөтүү, тамак-аш жана эң керектүү буюмдарды сатып алуу маселелерине тиешелүү болгон.

Өткөн жылы комиссиянын 37 отуруму өтүп, 620 адамга жалпысынан 3 млн 667 миң 500 сомдук материалдык жардам көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунун тургундарына материалдык жардам көрсөтүү маселелерин кароодо арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери, транспорт каражаттарынын, кыймылсыз мүлкүнүн болушу, ошондой эле башка булактардан жардам алуу эске алынат. Жардам үчүн жылына бир жолу кайрылса болот.

Пикир

Оставить комментарий