• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өткөн жылы курулуш материалдары текшерилип, 502 сертификат берилди

Коом 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. 2021-жылдын беш айында курулуш материалдары текшерилип, 502 шайкештик сертификаты берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.

“Курулушсертификаттоо” борборунун лабораторияларынын адистери курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга 4 миң 772 сыноо жүргүзгөн. Анын натыйжасында баардыгы болуп 502 шайкештик сертификаты берилип, мамлекеттик реестрге киргизилди.

“Берилген сертификаттардын жалпы санынан 154ү республикада өндүрүлгөн курулуш продукциясына жана 302си мамлекетке алып келинүүчү курулуш продукциясына берилген”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий