• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өткөн жылы Кыргызстандын 2 миңден ашык мектептери аккредитациядан өткөн

Коом 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Өткөн жылы Кыргызстандын 2 миңден ашык мектептери аккредитациядан өткөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтуусунда, окуу мекемелерди аккредитациядан өткөрүү маселеси абдан актуалдуу. Профессионалдык билим берүү деңгээлиндеги көз карандысыз жана орто билим берүүдө мамлекеттик аккредитация өткөрүү процедурасы Билим берүү министрлигине туура башкаруучу чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Атап айтканда, кайсы билим берүү мекемесине биринчи кезекте көңүл буруу керек экендиги тууралуу.

“Ошондой эле мугалимдердин квалификациясын көтөрүү жана окуу шаймандары менен камсыз кылуу маселелери. Өткөн жылы КР мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, орто билим берүү деңгээлинде мамлекеттик аккредитация киргизилген. Ошентип, чоң жумуш жасалган - 2 миңден ашык мектептер аккредитациядан өткөн. Учурда биздин жер-жерлердеги абал тууралуу маалыматыбыз бар”, - дейт министр.

Кудайбердиева кошумчалагандай, аймактардагы билим берү мекемелерине чоң көңүл бурулууда, анткени билим берүү мекемелердин көбү аймактарда, ал эми 10%ы гана шаар жергесинде жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий