• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өткөн жылы Кыргызстанга чет өлкөдө каза болгон 171 кыргыз жаранынын сөөгү алынып келген

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19-май /Кабар/. Өткөн жылы Кыргызстанга чет өлкөдө каза болгон 171 кыргыз жаранынын сөөгү алынып келген.

Алар басымдуу бөлүгү Орусиядан, андан кийин Казакстандан, ошондой эле алыскы чет өлкөлөрдөн келген. Бул тууралуу КСДП парламенттик фракциясында миграциялык кырдаал тууралуу маалыматы угулуп жатканда белгилүү болгондугун ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик миграция кызматына караганда, чет өлкөлөрдө каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүүгө бюджетте жыл сайын 5 млн сом өлчөмүндө каражат каралууда.

Пикир

Оставить комментарий