• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өткөн жылы мамлекеттик бюджетке салыктык эмес төлөмдөрдөн 715 млн сом түшкөн

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугун арттыруу максатында иштелип чыккан “Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Салык кызматынын маалыматына караганда, ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугун жакшыртуу үчүн адегенде ал чөйрөдөгү ченемдик укуктук актылар Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекстин талаптарына шайкеш келтирилүүгө тийиш.

Депутат Сайдулла Нышанов иш жүзүндө салыктык эмес төлөмдөр толук чогултулбай жатканын белгиледи. “Айрыкча көңүл ачуу жайлары ар айдын жыйынтыгында дегеле киши келбегендей отчет берип, жарыбаган төлөм төлөшөт. А, чындыгында акыбал андай эмес да. Ал эми оюн-зоок өкүлдөрү таптакыр эле көзөмөлдөн сырткары калышты. Ошондуктан, тийиштүү органдар бул багытта чараларды көрүп, алардын ишине көзөмөлдү күчөтүшү керек”, - деп кошумчалады ал.

Депутат Максат Сабиров дагы ушундай көрүнүш жайыттарды пайдалануу жаатында бар экенин айтты. “Мурда дагы, азыр дагы төлөмдөр толук чогултулган жок. Чогултулган каражаттар жөнүндөгү маалыматтарда да айырмачылык болуп жатат”, - деди ал.

Ал эми депутат Мирлан Бакиров жайыт төлөмдөрүн чогултуу жаатында 1 млрд сомдон ашуун мүмкүнчүлүк жатканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, өкмөт өкүлүнүн берген маалыматына караганда, 2019-жылдын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке салыктык эмес төлөмдөрдөн 715 млн сом көлөмүндө каражат түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий