• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өткөн жылы Монополияга каршы мамагенттиги тарабынан бюджетке 183,6 млн сом түшкөн

Экономика 0


Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен мамлекеттик бюджетке 183 млн 624 млн 596 миң сом түшкөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен бюджеттик чегерүүлөр 168 млн 360 миң сом, керектөөчүлөргө кайтарып берүүлөр 15 млн 261 миң 539 сомду түзөт.

“Жарнама рыногунда бир катар иш-чаралар аткарылды. Андан бюджетке 917 миң 500 сом түштү. Негизги мыйзам бузуулар: мамлекеттик жана расмий тилдеги жазуулар, курулуш компаниялардын жарнамасына баалар доллар менен көрсөтүлүүсү. Бул жерде 408 миңге чейин айыптар колдонулду”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий