• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өткөн жылы уюшкан кылмыштуу топтордун 172 мүчөсү кармалды – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. 2020-жылдын 12 ай ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун 172 мүчөсү ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалган жана кылмыш жообуна тартылууда. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштар: киши өлтүрүү - 3, денеге оор залал келтирүү - 6, адам уурдоо - 2, опузалап талап кылуу - 15, каракчылык - 7, тоноо - 2, алдамчылык - 28, бейбаштык - 25, уурулук - 14, мыйзамсыз курал сактоо - 10, баңгизаттарга байланыштуу - 3 жана башка 17 кылмышты жасашкан.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 12 ай ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун кармалган мүчөлөрүнүн ичинен 9у криминалдык чөйрөдө жогорку статусун алып жүргөндөр болгон.

ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жана анын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан 403 жалпы мүнөздөгү кылмыштардын бети ачылган, алардын арасында 22 адам соттон жана тергөө амалдарынан качып жүргөндөр кармалган.

Пикир

Оставить комментарий