• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өткөн жылы жалпы 1,8 млрд сомго кепилдик берилди — Абакиров

Экономика 0

Бишкек, 12.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы Кепилдик фонду 1 млрд 850 млн сомго 1050 кепилдик берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Кепилдик фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылга караганда өсүү 160 пайызды түздү.

“Банктар биздин колдообуз менен 6 млрддан ашык суммага насыя берген. Өткөн жылы Кепилдик фондунун кирешеси 416 млн сомду (өсүү 135 пайыз) түздү. Ага кантип жетиштик? Улуттук банк 91,2 пайыз акцияны ээлейт, андыктан алар менен бирге мыйзамга өзгөртүү киргизип, колдоо тапты. Анын артынан сентябрь-октябрь айларында портфелдик жана ипотекалык кепилдик бергенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал эми ноябрь-декабрь айында жыйынтыгын көрө баштадык. Азыр 18 банк менен иштешебиз, анын үч-төртөөсү портфелдик кепилдик берет. Ошондой эле декабрь айында биринчи ипотекалык кепилдик берилди”, - дейт ал.

Абакиров кошумчалагандай, Кепилдик фонду өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери дээрлик 3500 ишкерге кепилдик колдоо көрсөтүп, 5,3 млрд сомдон ашык суммага кепилдик берди. Бул дээрлик 18 млрд сом суммадагы насыяларды берүүгө мүмкүндүк берди.

Пикир

Оставить комментарий