• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өткөн жылы жол эрежелерин бузуудан бюджетке 112,9 млн сом каражат түшкөн

Коом 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматында 2021-жылды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан 2021-жыл ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 289 миң 136 укук бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулуп, 112 млн 974 миң 187 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Алардын ичинен:

- Автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо 3 миң 175;

- Мас абалында автоунаа башкаруу 3 миң 284;

- Авто ээнбаштык 69;

- Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо 751;

- Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедтер катышкан эреже бузуулар 5 миң 514;

- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 276 миң 340;

- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 22 миң 580 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий