• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өткөн жылы зордуктоо фактысы боюнча 604 иш катталып, анын жарымы кыскарган

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. 2021-жылдын 12 айында өлкө боюнча зордуктоо фактысы боюнча 604 сотко чейинки өндүрүш катталып, анын ичинен 325 иш кылмыштын курамынын же окуяларынын жоктугуна байланыштуу кыскартылган.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, калган өндүрүштө турган 249 кылмыш ишинен 223 кылмыштын бети ачылган. Кылмыш ишинин 148 материалы сотко жөнөтүлүп, 75и реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча кыскартылган.

Никеге туруу максатында адамды ала качуу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (2017-жылдагы эски редакция) менен 254 иш кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Анын ичинен 214 иш окуя же кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу кыскартылган.

23 факты боюнча жабырлануучу тараптан арыз жок болгондугу боюнча кыскартылса, 14 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, үчөө сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий