• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өткөрүп жибербеңиз. Бишкек жана Ош шаарларында айыл чарба жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Бишкек жана Ош шаарларында айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарманке жарандардын дүң баада азык-түлүк сатып алуусуна шарт түзүү максатында өткөрүлмөкчү.

Үстүбүздөгү жылдын 29-августунда өтчү жарманкенин даректери:

- Бишкек шаары, Киев, И.Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиштеринде.

- Ош шаары (Айыл чарба техникумунун - А.Сүйүнбаев атындагы спорт аянтчасына чейин).

"Жарандарды колдоо максатында дыйкандар айыл чарба продукциясын дүң баада сатышат", - деп кошумчалашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий