• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өткөрүп жибербеңиз. Бишкекте 75 компания катышкан айыл чарба жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Жаңы жылдын алдында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Бишкек мэриясы менен биргеликте айыл чарба жарманкесин өткөрөт.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жарманке эртең, 26-декабрда Бишкектеги Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде болот. Жарманке саат 10:00дө ачылат.

Иш-чарага 75 компания катышат, жарандарды колдоо максатында дыйкандар айыл чарба продукциясын дүң баада сатышат.

Төмөнкү азык-түлүктөрдү арзан баада сатып алууга болот:

  • Эт азыктары
  • Суу майы
  • Жумуртка
  • Балык
  • Сүт азыктары
  • Колбаса
  • Жашылча жер-жемиштер
  • Мөмө-жемиштер
  • Кургатылган жемиштер
  • Суусундуктар ж.б.

Пикир

Оставить комментарий