• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өткөрүп жибербеңиз: Бишкекте жаңы жылдык жарманке ачылды

Коом 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Бишкектеги Курманжан Датка эстелигинин жанында бүгүн жаңы жылдык белектер жарманкеси ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жарманкеде жаңы жылдык белектерди, колго жасалган өзгөчө жасалгаларды, карагай оюнчуктарды, кийизден, жибектен, керамикадан, шурудан жана чоподон жасалган жасалгаларды, этникалык кийимдерди жана башка көп нерселерди сатып алууга болот.

Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандан келген 30дан ашуун усталар, дизайнерлер, сүрөтчүлөр жана хендмейд-мастерлер ошол жерде өз иштерин тартуулашат.

Аталган иш-чаранын уюштуруучулары Бишкек мэриясы жана CACSARC-kg усталарды колдоо ассоциациясы.

Жарманке 23-декабрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий