• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өткөрмө уруксат кагаздары электрондук түрдө бериле баштайт - Орозалиев

Коом 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Өзгөчө абал учурунда берилүүчү өткөрмө уруксат кагаздары электрондук түрдө бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, жакынкы арада уруксат кагаздары электрондук түрдө бериле баштайт. “Азыркы убакта бул боюнча иштер жүрүүдө. 1-2 күндүн ичинде уруксат кагаздарын берүү системасын электрондук түргө өткөрөбүз”, - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, 27-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий