• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаа оодарылып, айдоочу кыпчылып калган

Кырсык 0

Бишкек, 06.04.18. /Кабар/. Талас облусунун Талас районундагы Суусамыр-Талас- Тараз унаа жолунун 110-чакырымында “Howo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып кеткен. ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя, 6-апрелде болжол менен саат 05:00 чамасында Өтмөк ашуусунда жүз берген.

“Куткаруучулар унаанын ичинде кыпчылып калган айдоочуну 1991-жылы туулган Э.Ж.И., аттуу жаранды чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий