• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тоң ашуусунда калып калган чабандар куткарылды - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Тоң районуна караштуу Күн-Чыгыш айыл аймагында аба-ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Тоң ашуусунда болжол менен 4 чабан 100дөй жылкы менен калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине чабандарды алып келүү максатында 5 куткаруучу, Ак-Сай айылынан 5 адам жана айыл аймактын 3 кызматкери тартылып, чабандардын түшүүсүнө жардам көрсөтүшүп, туруктуу ордуна аман-эсен кайтып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий