• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тоңдо айдоочу рулду башкара албай, унаа оодарылып кетти

Кырсык 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Тоң районундагы Куакы ашуусунда жол кырсыгы болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

ӨКМдин маалыматына ылайык, “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, унаа оодарылып кеткен. Жерине куткаруучулар барышып унааны жолго чыгарып беришкен.

Кырсыктан жабыркагандар жок. Жалпысынан 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий