• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Тоңдо куралды үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөн адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Тоң районунда ок атуучу куралды үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга “Жони” аттуу жаран сайлуу жана сайсыз ок атуучу куралдарды үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат райондук милициянын маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан маалыматта көрсөтүлгөн жарандын өздүгү аныкталган. Ал Тоң районунун Темир-Канат айылынын 49 жаштагы И.Ж. аттуу тургуну болуп, анын үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Үйдөн бир даана сайсыз, бир даана сайлуу ок атуучу курал жана бир даана сыртында салынуучу кыны менен жыгач саптуу бычак табылган. Ошондой эле Макаров тапанчасынын 15 даана, сайлуу ок атуучу куралдын тогуз даана октору, 12 даана гильзалар жана беш даана желим гильзалары табылып, далил зат катары алынган.

Текшерүү жүргүзгөндө алынган ок атуучу куралдардын тийиштүү уруксат кагаздары жоктугу аныкталган.

Аталган факт боюнча тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267 (Куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий