• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тоңдо мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты жана жери мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Тоң районунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчанын имараты жана жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук прокуратурасы тарабынан Бөкөнбаев айылында жайгашкан “Киров” бала бакчасы 2005-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, кароонун жыйынтыгында толук канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде базар баасы 7 млн 400 миң сомду түзгөн аталган бала бакчанын имараты жана 5631,60 чарчы метр жер участогу менен муниципалдык менчикке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий