• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тоңдо социалдык обьекттердин комплекси курулууда

Аймак 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Тоңдо социалдык обьекттердин комплекси курулууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 2-июнда, Ысык-Көл облусунун башчысы Мирбек Кожоев «Катар Черити» кайрымдуулук уюмунун аткаруучу директору Юсуф бин Ахмед Аль-Кувари баштаган делегациясы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен социалдык объектилердин комплексинин курулуш иштеринин башталышы менен таанышып, пайдубалына капсула салуу аземине катышты.

Тоң районунун Улахол айыл аймагына тиешелүү Кара-Талаа айылындагы жети имараттан турган комплекстин жалпы сметалык баасы 28 миллион сомду түзөт.

Комплекс 50 орундуу эки бала бакча, медресе, ФАП жана башкаларды камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий