• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тоңдогу жол кырсыгынан 5 адам жабыркап, айдоочу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 05.11.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Коо-Коңур-Өлөң ички чарбалык унаа жолунда жол кырсыгы катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жол кырсыгы кечээ, 4-ноябрда болжол менен саат 03:46лар чамасында “Форд-Фокус” жана “Фольксваген-Пассат” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда болгон.

“Жол кырсыгынын натыйжасында 5 адам жабыркап, “Фольксваген” унаасынын айдоочусу каза болгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий