• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тоңдун Ала-Баш айылына жаңы мектеп курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Ала-Баш айылына жаңы мектеп курула баштады.

Министрлер кабинетинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, объекттин имаратына бүгүн, 29-июнда, капсула салуу аземи өттү.

Иш-чарага облус башчысы Мирбек Кожоев, Тоң районунун акими Байышбек Астанакулов, ЖК депутаты Абдыбек Дюшалиев, Президентке караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Сыртбай Мусаев жана мектепке аты берилген профессор Мустафа Кидибаев өзү катышты.

Курулуп баштаган М. Кидибаев атындагы орто мектеби 225 орундуу. Мектепке каражат республикалык бюджеттен каралган, сметалык баасы 65 миллион сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий