• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Тоң районунда автомагнитола жана аккумулятор уурдоого шектелип 5 өспүрүм кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда автомагнитола жана аккумулятор уурдоого шектелип 5 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 25-ноябрда Кызыл-Туу айылынын тургуну өзүнүн үйүндө токтоп турган унаасынан автомагнитола жана аккумулятор уурдап кеткендигин айтып, милицияга кайрылган. Жалпы чыгым 11 миң сомдун тегерегин түзгөн.

Көп өтпөй Кара-Талаа, Шор-Булак, Кара-Коо айылдарынан да ушундай уурдоо фактылары катталган.

Аталган фактылар Кылмыштар жана жоруктарын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 16 жаштан 17 жашка чейинки беш өспүрүм кармалган. Маалым болгондой, кармалгандардын бардыгы Балыкчы шаарында ата-энелери менен жашап, муктаж эмес үй-бүлөлөрдөн экен. Алар мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Өспүрүмдөрдүн айтымында, алар иштелип чыккан схема боюнча уурулук кылып жүрүшкөн. Түнкүсүн коңшу районго барып, сигнализация менен жабдылбаган автоунааны издешчү. Автоунаа кароосуз экенине көздөрү жеткенде гана анын эшиктерин же болбосо терезелерин ачып, автомагнитола жана аккумуляторлорду уурдашчу. Уурдалган буюмдарды шаардын базарынан сатышып, андан түшкөн акча каражатына бош убактыларын өткөрүшчү.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө өспүрүмдөрдүн тобу 8 аккумулятор, 2 автомагнитола жана 1 дөңгөлөктү уурдашканы аныкталды. Уурдоого шектүү катары кармалышкан өспүрүмдөр эч жакка чыкпоо тууралуу тил катын калтырышкан.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында өспүрүмдөрдүн Тоң районундагы башка ушундай уурулук фактыларына тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий