• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Тоң районунда бала бакча мамлекеттик менчикке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. КР прокуратура органдары тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен социалдык объектилерди жана жер тилкелерди мамлекетке кайтаруу багытында иш-чаралар уланууда, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Алсак, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 2010-жылы аталган районго караштуу Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн токтому менен “Х.” коомдук уюмуна бала бакчанын имараты короо жайы менен мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, арыз соттор тарабынан канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде баасы 20 млн 46 миң сомдук бала бакчынын имараты короо жайы менен мамлекетке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий