• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тоң районунда милициясы кызматкерлери түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Тоң районунун милициясы коронавирус илдетинин жайылышынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин күчөттү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Облустук милициядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө райондун аймагында коронавирус оорусун жугузуп алган учур катталган жок. Өзгөчө кырдаал жарыялангандан баштап райондун обсервациясына 16 адам жаткырылып, алардын анализдери таза чыккандыктан бардыгы үй карантинине жиберилген.

"Инфекциялык илдеттин жайылышына жол бербөө максатында, аймакта 2 санитардык-карантиндик жана 15 фильтрациялык пост уюштурулган. Аталган посттордо күнү-түнү 34 райондук милиция кызматкери, 6 жол коопсуздугунун инспектору жана 60тан ашык элдик коошундун мүчөлөрү медицина кызматынын, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте иш алып барышууда", - деп айтылат маалыматта.

Райондук милициянын жетекчисинин орун басары Тилек Канатбековдун айтымында, постторго жана тергөө-ыкчам топторуна тартылган кызматкерлерден сырткары, бөлүмдүн өздүк курамы жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө. Атайын түзүлгөн графиктин негизинде милиция кызматкерлери ар бир айыл-кыштактарда болушуп, карантиндик режимдин талаптарын сактоого жана медицина кызматынын берген кеңештерин аткарууга чакырууда.

"Түшүндүрүү иштеринен сырткары, милиция райондун социалдык кызматкерлерине гуманитардык жардамдарга муктаж болгон адамдардын тизмесин түзүүгө, жер-жерлерде пенсия жана жөлөкпулдарды таратууга көмөк көрсөтүшүүдө. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана мугалимдер менен бирдикте ата-энелерге дистанттык окутуу учурунда балдарга өзгөчө көңүл буруу керектигин да эскертишүүдө", - деп билдирет облустук милиция.

Пикир

Оставить комментарий