• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тоң районунда мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектилер мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Тоң райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктуранын объектилери муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Туура-Суу айылындагы баасы 1 млн 537 миң 919 сом болгон бала бакчанын имараты, ошондой эле Кара-Суу айылындагы баасы 1 млн 177 миң сом болгон бала бакчанын ашканасынын имараты мыйзамсыз менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн чаралар боюнча, сот органдары тарабынан прокуратуранын талаптары канааттандырылып, мыйзамсыз берилген укук берүүчү документтерди жараксыз деп табылган.

Прокурордун актыларынын негизинде жогоруда аталган социалдык объектилер Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн балансына алынды.

Пикир

Оставить комментарий