• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тоң районунда өрт-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 25-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районунда №38 өрт-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты ишке берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов, министрликтин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышкан.

Министрликтен белгилешкендей, бөлүктө 2 даана ѳрт ѳчүрүүчү автоунаа жана 1 авариялык куткаруу автоунаасына тийиштүү шаймандар бар. Курулуш иштерине жалпы 1 млн 740 миң 200 сом сарпталган.

Эскерте кетсек, 13-декабрь күнү Ош шаарында №29, 24-декабрь күнү Талас облусунун Манас районунда №100 өрт-куткаруу бөлүктөрү, ошондой эле Бишкек-Ош жолунун 154-чакырымындагы куткаруу бөлүгүнүн ачылышы болгон.

Пикир

Оставить комментарий