• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тоң районунда сел жүрдү - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 09.07.20 /Кабар/. Тоң районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-июлда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 60-70-чакырым аралыктарын (Кызыл-Туу айылы) суу жууп, кум-шагылга толтурган.

Жерине Тоң райондук №38 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн куткаруучулар тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий