• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тоң районунда томолой жетим балдар жер тилкелерине ээ болушту

Аймак 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүндө жашаган томолой жетим балдар Э.Т. уулу менен Б.М. турак жай куруу үчүн ар бири 0,15 га жер тилкелерин алышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, томолой жетимдер жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар кезексиз түрдө турак жай же жер тилкелери менен камсыз кылынууга тийиш.

Турак жайы жок өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо максатында, Тоң райондук прокуратурасы тарабынан аталган райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын наамына прокурордук акты киргизилген.

Аны кароонун жыйынтыгы менен 2021-жылдын 23-мартында Көл-Төр айыл өкмөтүнүн чечимдери менен жогорудагы өспүрүм балдарга жер тилкелери бөлүнүп берилген жана аларга карата ээлик кылуу укугун күбөлөндүргөн мамлекеттик актылар алынды.

Пикир

Оставить комментарий