• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тоң районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жеңил жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Тоң районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жеңил жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 12-октябрь күнү саат 21:58 чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Балыкчы-Бөкөнбай-Каракол унаа жолунун 15-чакырымында (Оттук айылына жакын) “Мицубиси Спейс Стар” жана “Порше Кайен” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам жеңил жаракат алган.

Жерине Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, биринчи медициналык тез жардам көрсөтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий