• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тоң районундагы Төрт-Күл айылында маданият үйү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Төрт-Күл айылында маданият үйү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге маданият министринин орун басары Илязбек Балташев катышып келди.

Жаңы ачылган маданият үйүнө залкар манасчы Каба Атабековдун ысмы ыйгарылды.

Учурда райондо 23 клубдук мекеме, 29 китепкана, Бөкөнбаев жана Кажы-Сай айылдарында балдардын музыкалык мектептери бар. Буга чейин Тоң, Кара-Коо, И.Тойчубеков атындагы маданият үйлөрү, Оттук айылындагы айылдык клуб, Бөкөнбаев айылындагы балдардын музыкалык мектептеринде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө толук кандуу иш жүргүзүп келет.

Учурда Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Мойнок-1 айылдык клубуна айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен капиталдык оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий