• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тоң райондук ЖКККБ кызматкерлери кой уурдап бара жаткандарды кармашты

Аймак 0

Бишкек, 04.03.23 /Кабар/. Тоң райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кой уурдап бара жаткан жаранды кармашты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-мартта Тоң райондук ЖКККБ кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кызмат өтөө учурунда Көңдөй участогунан короодон эки кой уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Кызматкерлердин кыраакылыгынын натыйжасында болжол менен саат 20:30 чамасында ак түстөгү “Subaru Forester” үлгүсүндөгү авто унааны токтотуп текшерүү учурунда, 1999-жылы туудган О.Р. аттуу айдоочусу авто унаанын арткы багажнигине эки баш кой салып, уурдап бара жаткандыгы аныкталган", -деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү катары кармалган айдоочу жана жүргүнчүсү Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий