• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тоң районунун үй чарбаларынын 79%ы санариптик телеберүүгө кошулду

Аймак 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун үй чарбаларынын 79%ы санариптик телеберүүгө кошулду. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, бүгүн Тоң районунун активдеринин санариптик телеберүүгө өтүүгө жооптуу маморгандардын жана эмгек жамааттарынын жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тоң районунун акими Эсенгул уулу Улан райондун 79% үй чарбаларында эфирдик санариптик телеберүү көрүшөрүн билдирген. Анын айтымында, райондун аймагында жайгашкан 15 миң 120 үй чарбасынын ичинен 12 миң 17си санариптик берүүгө кошулган. Аны менен бирге ал азыркы кезге чейин санариптик берүү менен камтылбаган бир нече айыл калгандыгын белгиледи.

Буга «РПО РМТР» ААКнын чыгыш башкармалыгынын директору Улан Жумакеев тынчсызданууга себеп жоктугун, радио жыштык спектринин зонасынан тышкары бардык айылдар аз кубаттуулуктагы санариптик телеберүү ретрансляторлорунун жардамы менен апрель-майда СБ менен камтыларын, ошондой эле санариптик берүүгө толук кошулгуча бул айылдарда аналогдук берүү өчүрүлбөй тургандыгын билдирди.

Анын ичинде, «РПО РМТР» ААКнын бекитилген иш-планына ылайык села Кажы-Сай, Көк-Мойнок 2, Ала-Баш, Дөң-Талаа, Комсомол, Калкагар, Эшперов, Туура-Суу айылдары жана Бөкөнбаев айылынын ¼ бөлүгү санариптик берүүгө бачкыч-баскычы менен кошулат.

Мындан тышкары, 49 үй чарбасынан туруп, жайыт аймагында жайгашкан Арчалы айылы спутник аркылуу санариптик берүүгө кошулат.

КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын айтымында, 2017-жылы санариптик берүүгө өтүү Программасын ишке ашырууга республикалык бюджеттен 100 млн сом бөлүнгөн. Каражаттардын жарымы Социалдык пакеттеги санариптик телеканалдарды спутник менен берүүгө бөлүнөт. Белгилей кетсек, учурда спутник аркылуу жалпысынан, Социалдык пакеттен 6 ТВ-канал көрсөтөт.

Ошондой эле, министрдин орун басары райондун активине айыл жашоочуларынын жана ири ишканалардын жамааттарынын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин кыйла жигердүү жүргүзүүнү суранды.

Пикир

Оставить комментарий