• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тоң, Жети-Өгүз райондорундагы айыл өкмөт башчыларынын аткарган иштерине баа берилди

Аймак 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун башчысы Илияз Иманбетов Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна барды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Илияз Иманбетов айыл өкмөт башчыларын жеке кабыл алып, 2022-жылда социалдык, экономикалык тармак боюнча аткарган иштеринин отчетун укту.

Облус жетекчиси айыл өкмөттөрүнүн аткарган иштеринин жыйынтыктары жакшы болбой жатканын белгилеп, алдыдагы 2 ай аралыгында 2023-жылга реалдуу аткарыла турчу пландарын толук иштеп чыгып, тез арада жыйынтык көрсөтүшпөсө кызмат ордуларынын жоопкерчилиги караларын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий