• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатында бишкектиктер байгелүү орундарга ээ болушту

Спорт 0

Бишкек, 07.08.18. /Кабар/. Тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатында бишкектиктер алдыңкы орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

25-июлдан 30-июлга чейин Монголиянын Баян-Улгий шаарында тогуз коргоол боюнча Азия чемпионаты болгон.

Чемпионатка Россия, Казакстан, Өзбекстан, Монголия жана Кытайдан 180 спортчу катышкан.

Кыргызстандын атынан барган катышуучулардын арасынан төмөнкүлөр жеңүүчү жана байгелүү орундардын ээлери болушту:

Эркектер арасында Стандарт дисциплинасы боюнча Анарбек Жамакеев 1-орунду алган;

Аялдар арасында Стандарт дисциплинасы боюнча Жаңыл Эгембердиева 3-орунду алган;

Эркектер арасында Блиц дисциплинасы боюнча Анарбек Жамакеев 2-орунду алган;

Аялдар арасында Блиц дисциплинасы боюнча 2-орунду Алтынай Шамбетова, 2-орунду Айтурган Максатбек кызы алган.

19 жашка чейинкилер арасында:

Стандарт дисциплинасы боюнча эркектер арасында Бексултан Нишанбаев 1-орунду алган;

Эркектер арасында Блиц дисциплинасы боюнча Марлис Дуулатбеков 3-орунду алган;

Аялдар арасында Блиц дисциплинасы боюнча Гүлзат Эсенгулова 3-орунду алган.

Пикир

Оставить комментарий