• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тогуз-Торо милициясы баңгизат менен алектенген жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Тогуз-Торо милициясы баңгизат менен алектенген жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 29-ноябрь күнү Тогуз-Торо РИИБинин Криминалдык милиция кызматына Тогуз-Торо районунун “Н” аттуу тургуну жыты “Кара куурайга” окшогон баңгизатын колдонуп жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Бул факт боюнча маалымат 2020-жылдын 29-ноябрь күнү Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана тергөө амалдарынын жыйынтыгында шек жараткан жаран Тогуз-Торо районунун тургуну 32 жаштагы Ч.Н. экендиги аныкталып, 2 даана тоголок формада, өзгөчө кескин жытка ээ болгон күрөң түстөгү баңгизатын жанында алып кетип жаткан жеринен кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал тоолордон баңгизат камтыган чөптөрдү терип келип, үйүндө майдалап, андан чыккан пырындыны атайын жасалган темир идишке салып пресстеп, андан тоголок формага ээ болгон баңгизатын даярдап жүргөндүгү жана алынган баңгизаттары боюнча дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык 23,8 грамм салмактагы “каннабистин смоласы (гишиш)” банги заты экендиги аныкталган.

Өзүнүн кыймыл аракети менен Ч.Н. Кыргыз Республикасынын ЖКнин 268-берененин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандыгы боюнча шектүү экендигине негиз берген жетиштүү далилдер чогулган. Анын баш коргоо чарасы Тогуз-Торо райондук соту тарабынан каралып, 2 айга камакка алуу түрү тандалып, Тогуз-Торо РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий