• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тогуз-Торо милициясы мигрант үй-бүлөлөрдүн балдарынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Тогуз-Торо райондук милициясынын кызматкерлери айылдарды кыдырып, жаш өспүрүмдөрдөн кабар алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара 2020-жыл – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата өткөрүлдү.

Аймактык участкалык инспекторлор, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте район аймагындагы Тогуз-Торо, Атай, Көк-Ирим, Сары-Булуң айыл өкмөттөрүндөгү айылдарга барышты. Алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ата-энеси миграцияда жүргөн өспүрүмдөрдүн жашоо-шарты менен таанышып, түшүндүрүү иштерин алып барышты.

Ошондой эле мектептерде ата-энелер жана окуучулар менен жолугушуулар уюштурулуп, үй-бүлөлүк жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган жумуштар жүргүзүлдү. Ата-энелерге милиция тарабынан өспүрүмдөрдү ар тараптуу колдоо керектиги айтылып, аларга сабактан сырткары көзөмөл салып туруу зарыл экендиги эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий