• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тогуз-Торо районунда 2 адам жоголду, издөө башталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.02.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жоголуп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 6-февралында Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Бирдик айылынын 3 тургуну Кабак кыштоосуна мал издегени атчан чыгып кетишкен.

“12-февраль күнү кечинде К.Чоялиев Бирдик айылына келип, С. Чоялиев жана С. Айылчиевдин адашып жоголгондугу тууралуу кабар берген. 12нен 13-февралга караган түнү издөө үчүн туугандарынан 10 адам чыгып кетишкен”,-деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, бул маалыматты КР ӨКМдин райондук бөлүм башчысына 2018-жылдын 14-февралда саат 12:30да жергиликтүү тургундар тарабынан ооз эки берилген.

Пикир

Оставить комментарий