• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тогуз-Торо районунда мектеп окуучуларынын арасында хоккей лигасы өттү

Спорт 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда мектеп окуучуларынын арасында "Алтын шайба" аталышындагы хоккей лигасы өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкулчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, хоккей лигасына райондогу 10 жаштан 13 жашка чейинки мектеп окуучулары катышып, жалпы 5 команда түзүлгөн.

Мелдешке Каргалык айыл өкмөтү жана жеке ишкер тарабынан акчалай көмөк көрсөтүлгөн. Мындан сырткары муз аянтчасы да балдар үчүн акысыз оюн өткөрүп берген.

Биринчи орунду Т.Мойдунов атындагы орто мектебинин окуучулары ээледи.

Алдыңкы орундарды камсыздаган командаларга райондук хоккей лигасынын президенти Турдалы Аскарбеков тарабынан 60 миң сомдук жана Республикалык хоккей федерациясынын атайын спорттук кийимдер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий