• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тогуз-Торо районунда сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун суу каптады

Аймак 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 29-июль күнү таңкы саат 04:00 чамасында катуу жааган жамгырдан кесепетинен Каргалык айыл аймагынын Казарман айылында сел жүрүп, 7 турак үйдүн короолорун суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБдан 6 куткаруучу, Макмал алтын комбинатынан 1 жүктөгүч, суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор жана жеке менчик 1 жүктөгүч тартылган.

Куткаруучулар турак үйлөрдүн короолорун тазаалоого жардам беришкен, ал эми тартылган техниканын жардамында сел өтүүчү каналдын 70 метр аралыгы тазаланган.

Бүгүн, 30-июлда сел өтүүчү каналды тазалоо иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий