• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тогуз-Торо районунда шамал катталып, үйлөрдүн чатырларын учурду

Аймак 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Тогуз-Торо районунда шамал катталып, үйлөрдүн чатырларын учурду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 23-июнь күнү саат 16:30 чамасында шамал катталып (шамалдын ылдамдыгы такталууда), Каргалык айыл аймагына караштуу Т. Мойдунов атындагы орто мектебинин 114 даана шиферин, 7 турак үйдүн 26 даана шиферин жана 122 чарчы метр тунукесин, 3 чарбалык курулуштардын 140,8 чарчы метр чатырын учурган. Ошондой эле Тогуз-Торо айыл аймагында 9 турак үйдүн 248,5 чарчы метр тунукесин жана 12 даана шиферин учуруп кеткен.

Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий