• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тогуз-Торо районунда төрт жерге санитардык-карантиндик пост коюлуп, 18 кызматкер иштөөдө

Аймак 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда төрт жерге санитардык-карантиндик пост коюлуп, 18 кызматкер иштөөдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери район тургундарына жугуштуу илдеттин жайылуусун болтурбоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Жарандарга зарыл жумуш болбосо көчөгө чыкпоо керектиги, өздүк гигиенаны туура сактоо эскертилип жатат. Муктаждык жаралган учурда ар дайым беткап тагуу зарылдыгы жеткирилүүдө. Жарандарга ооруканага, дарыканага жана азык-түлүккө баруу үчүн гана көчөгө чыгып, калган убакытта үйдө отуруу керектиги айтылууда.

Белгилей кетсек, учурда Тогуз-Торо районуна Нарын облусу тарабынан кирүүчү жол ачык. Ал эми Жалал-Абад-Казарман унаа жолу ашуудагы карга байланыштуу убактылуу жабылган.

Пикир

Оставить комментарий