• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тогуз-Торо районунда турак үйлөрдүн короолорун сел суулары каптаган

Аймак 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча кечээ, 2-июнда саат 18:10 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу айыл аймагынын Табылгыты айылында турак үйлөрдүн короолорун сел суулары каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жерине тактоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет борбору туруксуз аба ырайы тууралуу шашылыш эскертүү таркаткан.

Пикир

Оставить комментарий