• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тогуз-Торо жана Ала-Букада өспүрүмдөр көзөмөлгө алынды — облустук милиция

Аймак 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Тогуз-Торо жана Ала-Бука милициясы тарабынан өспүрүмдөрдүн максатсыз коомдук жайларда, базарларда, интернет клубдарда жүрүүлөрүнө бөгөт коюу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында кароосуз калгандарды, себепсиз мектепке барбай жүргөндөрдү аныктоо иштери жүргүзүлдү.

Кызматкерлер милициянын көчмө кабылдама унаасы менен айылдарды кыдырып, профилактикалык иштерди алып барышты. Ата-энелер менен жолугушуп, жаш өспүрүмдөрдү ар дайым көзөмөлгө алуу керектигин эскертишти. Ошондой эле жаш балдарга татыктуу тарбия берүү зарылдыгын баса белгилешти.

Ал эми Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагындагы №10 А.Юсупалиев орто мектебинде "Бала тарбиясында мектеп жана ата-эненин ролу" темасында семинар өткөрүлдү.

Семинарга РИИБдин жана билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп мугалимдери, ата-энелер катышты.

Пикир

Оставить комментарий