• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тогуз-Тородо 20дан ашуун кыз-келин жумуш менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Тогуз-Тородо 20дан ашуун кыз-келин жумуш менен камсыз болду. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондусунун каржылык колдоосу менен райондун Казарман айылында жаңы тигүү цехи ишин баштады.

Долбоорго жалпы 1 млн 400 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Азыркы учурда аталган жайда 20дан ашуун кыз-келиндер жумуш менен камсыздалган. Тигилген кийимдер Бишкек шаарына жана Россияга экспорттолот.

Пикир

Оставить комментарий