• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тогуз-Тородо 3 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 04.08.22. /Кабар/. Тогуз-Тородо 3 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасынын жардамы менен райондун Атай айылын аралап, эл арасында түшүндүрү иштерин жүргүзүүдө.

"Айрым тургундарга жеринде юридикалык кеңештер берилди. Ошондой эле, мал уурулуктарды болтурбоо жана алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошону менен катар аптаптуу аба ырайында жаш өспүрүмдөрдү кооптуу аймактарда сууга түшүүдөн алыс болуп, коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертишти", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий