• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Тогуз-Тородо 4 гектарга жакын аймактагы жапайы кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү жана УКМКнын райондук бөлүмү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жапайы кара куурайды жок кылуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Көк-Ирим айыл аймагындагы Чийлүү-Колот, Алтын-Дөбө, Келин-Таш, Казык участкаларында өскөн 4 гектарга жакын аймактагы жапайы кара куурай орулуп, өрттөлүп жок кылынды.

Ошондой эле аталган иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга баңгизаттарына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Жарандарга кылмыштуулуктан жана баңгизат колдонуудан алыс болуу зарылдыгы эскертилди", - деп кошумчалашты облустук милициянын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий